Аннотация
Кыргызстанда ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана өспүрүмдөрдү окуу процессине тартуу ар дайым билим берүүдөгү чоң көйгөй болуп келген. Көп учурда бул категорядагы балдар жана өспүрүмдөр мектеп окуучулары тарабынан басмырлоого учураса, ал эми айрым мектептер аларды окутуудан баш тарткан учурлар кездешет. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын формалдуу түрдө эч качан укуктары чектелген эмес. Анткен менен чыныгы жашоодо алар коомчулуктун көңүл буруусуна муктаж болуп келишет. Бул илимий макалада Кыргызстандын алыскы райондорундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жолдору каралып, натыйжалуу ыкма катары аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен инклюзивдик билим берүү сунушталды. Инклюзивдик билим берүүнүн өзгөчөлүгү болуп бардык окуучуларды алардын жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан билим берүү процессине тартуу эсептелинет. Тилекке каршы, билим берүүнүн бул түрү көп каражатты жана убакытты талап кылат. Коомдун ар кандай катмарына жалпы билим берүү учурдун эң башкы милдети болгондуктан, альтернативдүү варианттарды изилдөө зарыл
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Egorova, T.M., et al. (2019). Comprehensive model of a regional inclusive distance learning system. Scientific Notes of ISGZ, 17(1), 192-198.
[2] Ibraev, A.D., Zhanboev, E.A., & Turatbekov, B.T. (2021). Didactic possibilities of web technologies in distance education. Alatoo Academic Studies, 3, 45-51.
[3] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. Disability. 2021. (2021). Retrieved from https://www.stat.kg/kg/gendernaya-statistika/zdravoohranenie/invalidnost/.
[4] Umarbekova, A.A., & Zhayylgan kyzy, M. (2020). Collaborative actions of primary school teachers and parents in inclusive education. Science, New Technologies and Innovations of Kyrgyzstan, 6, 81-84.
[5] UNESCO, & NEPC. (2021). Global education monitoring report, 2021, Central and Eastern Europe, Caucasus and Central Asia: Inclusion and education: All means all: Summary. Retrieved from https://unesdoc.unesco.org/ark:/48223/pf0000375490.
[6] UNICEF. (2014). Conceptualization of inclusive education and its contextualization within the framework of UNICEF's mission. Retrieved from https://www.unicef.org/eca/sites/unicef.org.eca/files/IE_Webinar_Booklet_1_0.pdf.
[7] UNICEF. (2022). Situation of children in Kyrgyzstan. Summary report. Retrieved from https://www.unicef.org/kyrgyzstan/media/7816/file/Situation%20of%20children%20in%20Kyrgyzstan.pdf.