Илимий журнал

Кыргыз улуттук агрардык университетинин жарчысы

Том 24, №1, 2026
Акыркы чыгарылыш
Том 24, №1, 2026

Журнал жөнүндө

«Кыргыз улуттук агрардык университетинин Жарчысы» – илимий рецензияланган ачык жеткиликтүү журнал болуп саналат, анда оригиналдуу изилдөөлөрдү, теориялык жана рецензияланган макалаларды, ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдөн келген «case study» изилдөөлөрүн жарыялайт. «Кыргыз улуттук агрардык университетинин Жарчысы» журналынын максаты – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, глобалдуу жана учурдагы илимий көйгөйлөргө ар кандай көз караштарды жана келечекке талдоо жүргүзүү. Журнал төмөнкү багыттардын материалдарын жарыялайт: агрардык илимдер, ветеринария, өсүмдүк жана мал чарбачылыгы, айыл чарбанын экономикасы жана финансы, экология. Бул тууралуу кененирээк Максаттар жана проблемактика бөлүмүндө баяндалат.

Журнал жалпы коомдук прогресс үчүн илимий маалыматты эркин жайылтуу жана глобалдык билим алмашуу принциптерин сактоо менен ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат. Демек бул, бардык мазмунун колдонуучулар тарабынан акысыз көрүү үчүн жеткиликтүү дегенди билдирет. Кененирээк маалымат бул тууралуу Ачык жеткиликтүүлүк саясаты бөлүмүндө жайгашкан. Журналдын илимий макалаларына толук тексттик мүмкүнчүлүк Архив бөлүмүндө жайгашкан.

Басылманын уюштуруучусу: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.

Негиздөөчү: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.  

Басып чыгаруучу: К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.

Журналга шилтеме басмачынын веб-сайтында: https://knau.kg/ (БИЛИМ бөлүмү).

Мамлекеттик каттоо: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин каттоо күбөлүгү 01.12.2003-ж., № 000043, күбөлүк № 909, 11.03.2015 - жылы кайрадан катталган.

Негизделген жылы: 2003.

Чыгаруунун мезгилдүүлүгү: жылына 4 жолу.

Басылманын тили: англисче.

Башкы редактор: Рысбек Нургазиев.

Башкы редактордун орун басары: Уранбек Шергазиев.

Илимий журналдын редакциялык коллегиясына кыргыз жана чет элдик белгилүү окумуштуулар Казакстандан жана Россиядан кирет. Толук курамы тууралуу маалымат Редакциялык коллегия бөлүмүндө жайгаштырылган.  

Бардык материалдар Creative Commons Attribution 4.0 International Public License, шарттарына ылайык таркатылат, ал башка адамдарга кол жазманы чыгарманын авторлугун таануу жана бул журналда биринчи жолу жарыялоо менен таратууга уруксат берет.