Лицензиянын шарттары: бардык материалдар Creative Commons Attribution License International CC-BY лицензия шарттарында таратылат.
Төмөндө жайгаштырылган келишимдин шарттарын кабыл алуу фактысы болуп автордун өз материалдарын лицензиаттын басылмаларына жарыялоого жөнөтүү эсептелет.
Бул келишим менен автор сунушталган материал боюнча төмөнкүлөрдү тастыктайт:
- башка адамдардын же уюмдардын автордук укуктарын бузбайт;
- мурда башка басмаканаларда жарыяланган эмес жана башка басылмаларга жарыялоого берилген эмес.
Автор өз чыгармасынын автордук укугун сактап калат, ал эми басмакана Creative Commons Attribution License International CC-BY, лицензиянын шарттарында биринчи жолу жарыялоо укугуна ээ болот, анын ичинде:
- англис тилинде макалаларды жарыялоо жана алардын басылган версияларын жайылтуу;
- макалаларды англис тилине которуу (орус же кыргыз тилдериндеги макалалар үчүн) жана котормонун басылган версиясын жайылтуу;
- макаланын электрондук версиясын, ошондой эле макаланын англис тилиндеги котормосунун электрондук версиясын (орус же кыргыз тилдериндеги макалалар үчүн) каалаган электрондук каражаттар аркылуу (журналдын расмий веб-сайтында, электрондук маалымат базаларында, репозиторийлерде ж.б. жайгаштыруу) жайылтуу.
Бардык учурларда журналдын расмий сайтында макалага библиографиялык шилтеме же анын электрондук көчүрмөсүнө гипершилтеме болушу милдеттүү болуп саналат.