Максаты жана тематикасы

«Кыргыз улуттук агрардык университетинин Жарчысы» журналынын редакциялык саясаты макалаларды жарыялоо максатында аларды тандоодо объективдүү жана калыстык принциптерине негизделет; илимий изилдөөлөрдүн сапатына жогорку талаптар; макалаларды милдеттүү түрдө рецензиялоо; макалаларды жарыялоо боюнча чечимдерди кабыл алууда коллегиалдуулукту сактоо; авторлор менен байланышта жеткиликтүүлүк жана эффективдүүлүк; автордук жана чектеш укуктарды сактоо. Жарыялоо үчүн материалдарды тандоонун негизги критерийлери болуп алардын жаңылыгы жана идеялардын актуалдуулугу, сунушталган иштин илимий жана фактылык ишенимдүүлүгү саналат.

«Кыргыз улуттук агрардык университетинин Жарчысы» журналынын максаты – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, окумуштуулардын глобалдуу жана актуалдуу көйгөйлөр боюнча түрдүү көз караштарын чагылдыруу, ошондой эле келечекке талдоо жүргүзүү.

Төмөнкү багыттар боюнча макалаларды жарыялоого кабыл алабыз:

  • тармактык экономика, эконометрика жана финансы (агро – өнөр жай комплекси), менеджмент, маркетинг, соода жана биржа иши (агро – өнөр жай комплекси);
  • чарба жана биологиялык илимдер – агрономия жана өсүмдүк чарбасы, зоология жана жаныбарлар таануу, экология жана өсүмдүктөрдүн эволюциясы, жаныбарлардын жүрүм-туруму жана систематикасы, тамак-аш илими, токой чарбасы, багбанчылык жана ампелография, мал чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы, энтомология, мал чарбачылыгы, топурак таануу, ландшафтчылык, жалпы айыл чарба жана биология илимдери;
  • тармактык машина куруу жана айыл чарба инженериясы;
  • ветеринардык медицина.

Журнал айыл чарба жана экономикалык теорияны же методологияны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, жалпы маанидеги маселелерди жана/же актуалдуу проблемаларды караган, изилдөө темасынын чегинен чыккан жаңы идеяларды жараткан тиешелүү изилдөөлөрдү жарыялайт. Журналдын негизги аудиториясы айыл чарба жана ветеринария илиминин изилдөөчүлөрү, докторанттары, окутуучулар, айыл чарба кызматкерлери жана айыл чарба маселелерине, процесстерине жана тажрыйбасына кызыккан кызмат адамдары.