МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ (МТ) КОЛДОНУУ МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУ

Кабыл алынган убакыт 01.12.2023
Түзөтүлгөн 06.02.2024
Жарыяланган 10.03.2024

Аннотация

Макалада студенттерди даярдоо процессинде билим берүү практикасында интеграцияланган сабактарды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун уюштуруу-методикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Психологиялык-педагогикалык адабияттарды талдоонун негизинде «Интегралдык сабак» түшүнүгү мүнөздөлүп, анын өзгөчөлүктөрү Компьютердик графиканы окутуу процессинде баяндалат. АДС системасын колдонуу менен интеграцияланган сабакты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча көрсөтмөлөр берилет. Так ар түрдүү окуу дисциплиналарынын синтези, интеграцияланган сабактарды, курстарды иштеп чыгуу, дисциплиналар аралык байланыштарды өнүктүрүү менен билим берүүнүн мазмунунун практикалык багыты тыгыз байланышта экенин көрсөтүлөт.   Натыйжада мугалимдердин студенттер менен иш-аракетинин түрлөрүн кезектештирүү боюнча жаңы дидактикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайда болушун, студенттедин предметке болгон кызыгуусунун өсүшүн жана өнүгүшүн, билимди синтездөө мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишин, билимди бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө өткөрүү көндүмдөрүнүн калыптанышын баяндайбыз

Негизги сөздөр

усулдук сунуштар уюштуруу-методикалык мүмкүнчүлүктөр АДС системасын колдонуу интеграцияланган сабак
Цитаталоо
Mamyralieva, V., & Duishenbekova, D. (2024). USE OF INFORMATION TECHNOLOGY (IT) IN THE PROCESS ORGANIZING INTEGRATED LESSONS. Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 22(1), 24-28.

Колдонулган булактар

[1] Komensky, A.Ya. (1955). Selected works. Moscow: Uchpedgiz.

[2] Gladkaya, I.V., Glubokova, E.N., Pisareva, S.A., & Primchuk, N.V. (2014). Free lesson: organizing interaction with the class: Teaching methodology. Saint Petersburg: Svoe Izdatelstvo.

[3] Rubinstein, S.L. (2002). Fundamentals of general psychology. Saint Petersburg: Piter.

[4] Shcherbakova, S.G. (2007). The problem of integration in school. Retrieved from http://festival.1september.ru/articles/415794/.

[5] Simonova, A.A., & Protasova, I.A. (1992). Integrated lesson: Theory and technology. Guidelines for teachers and school principals. Yekaterinburg: Ural Publishing House.