ЧАКАН ТАМАК-АШ ИШКАНАЛАРЫНДА ЛОГИСТИКАЛЫК СИСТЕМАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Кабыл алынган убакыт 05.02.2023
Түзөтүлгөн 19.04.2023
Жарыяланган 28.05.2023

Аннотация

Тамак-аш ишканаларынын материалдык-техникалык жабдуу системасын куруу жана өнүктүрүү актуалдуу. Ишкананы өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана багыттарын аныктоо максатында логистикалык системага талдоо жүргүзүлөт. Логистикалык системаны талдоо үчүн анын элементтери аныкталат. Макалада нан  жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруучу чакан ишкананын логистикалык системасынын колдонуудагы элементтерин талдоонун натыйжалары берилген. Талдоо ишканада сатып алуу, өндүрүш жана сатуу логистикасынын негизги өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берет. Негизинен ишкананын финансылык көйгөйлөрү чийки заттын жана энергия ресурстарынын кымбатташына байланыштуу. Ишкана чийки заттын ири запастары ирпиробойт, анткени аларды жайгаштырууга орун жетишпейт. Ишкананын өзгөчөлүктөрүнө ишкананын сатуу системасына чекене соода түйүндөрүнүн монополиялык көзөмөлү, даяр продукциянын чоң запастарын түзө албагандыгы жана продукцияны сатууда жогорку атаандаштык кирет. Компаниянын өзүнүн продукциясын бөлүштүрүү каналдары жок. Талдоолордун негизинде тамак-аш ишканасын материалдык-техникалык жана логистикалык жактан камсыздоо системасын өнүктүрүү боюнча негизделген сунуштар берилге

Негизги сөздөр

тамак-аш азыктары ишкана логистика логистикалык система талдоо сатып алуу өндүрүү сатуу
Цитаталоо
Zhaparbekova, Ch., & Kaparova, E. (2023). DEVELOPMENT OF THE LOGISTICS SYSTEM IN SMALL FOOD ENTERPRISES . Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 21(2), 221-225.

Колдонулган булактар

[1] United Nations Industrial Development Organization. (2020). Integrated Industrial Development Strategy of the Kyrgyz Republic for 2019-2023. Retrieved from https://www.unido.org/sites/default/files/files/2020-04/KGZ%20IDS%202019-2023_Russian%20original%20version.pdf.

[2] EEE-Region. (n.d.). Formation of industrial clusters in Russia: Problems and prospects. Retrieved from https://eee-region.ru/article/7205/.

[3] Negreeva, V.V., Vasilenok, V.L., & Aleksashkina, E.I. (2015). Logistics. Saint Petersburg.

[4] Tsaregorodtsev, E.M. (2022). Development of logistics as a driver of economic growth in Russia. International Journal of Humanities and Natural Sciences, 9(3(72)), 58-61. 

[5] Babich, O.V., Mityuchenko, L.S., & Selezneva, D.I. (2017). Analysis of the logistics system of an enterprise. Retrieved from https://www.pp-mag.ru/jour/article/view/66.