Аннотация
Адамзаттын өнүгүшүндөгү алгачкы мезгили менен азыркы учурдагы тамак-аш жасоо өнөрлөрүн салыштыруу мүмкүн эмес.Адамзат жана анын тарыхый өнүгүшүндө тамак-аштын түрлөрү көбөйүп, ага байланыштуу жаңы аталыштар да пайда боло берген. Мисалы, сүт, эт, нан, атала, буламык, ташкордо, күлазык сыяктуу аталыштар адамзат турмушунун ар кыл мезгилдеринде, коомдук турмуштун зарылчылыгынын негизинде пайда болгондугу өзүнөн-өзү түшүнүктүү. (Аттокур Джапанов 2012 ж.13-б.) Кыргыз ашканасы — кыргыздардын улуттук тамак-ашы. Ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли да өзүнүн тамак - аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Кыргыз эли көбүнчө эт жана сүт азыктары менен тамактанган. Бардык улуттук шаан-шөкөттөр, түркүн конок күтүүлөр, аш-тойлор этсиз, айран-кымызсыз, куурдаксыз өткөн эмес. Сакталган чучук, катылган сур, куурдак, курут, сүзмө, гулазык, ташкордо сыяктуу муздак тамактар колдонулган.Кандай гана тил болбосун анын сөздүк корубасып өткөн тарыхий жолундагы бардык маалыматтарды кийинки урпактарга мураска калтырган баа жеткис кенчи болуп саналат.Сөздүк кор ошол элдин тарыхий өнүгүшүнөн,анын маданият,социалдыкэкономикалык турмуш-тиричилик,чарбачылык өнүгүш баскычтарынан кабар берүүчү бирден-бир илимий булак болуп эсептелет.Кыргыз тилинин сөздүк корунда дагы тамак-ашка байланышкан көптөгөн сөздөр бар,мына ошолордун келип чыгуусу,мурдакы жана азыркы мааниси,тамактардын даярдалышы жана колдонулушу тууралуу кеп кылсак
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Aitmatov, Ch. (1999). Early cranes. Bishkek: Sham.
[2] Akiev, K. (Ed.). (1933). Kurmankek: Folk epic.
[3] Koichumanov, J., & Kadyrov, Y. (Eds.). (2012). Kyrgyz folk proverbs.
[4] Origin of sümölök: Folk legend. (n.d.). Retrieved from https://ky.m.wikipedia.org/wiki/Сҥмөлөк.
[5] Japankov, A. (n.d.). Names of foods found in the Kyrgyz language.