Аннотация
Бул изилдөөнүн объектиси болуп Кыргызстандагы коркунучтуу табигый процесстер саналат. Жыл сайын Кыргызстанда 1,5 миңге жакын табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар болуп, анын кесепетинен миңден ашуун адам каза болот же жаракат алат. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын калкын жана аймактарын авариялардан жана кырсыктардан коргоого, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин төмөндөтүүгө жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды такай жана кеңири жайылтуу зарылчылыгы айдан ачык. Бүткүл дүйнөдөгү табигый катастрофалык кубулуштардын өнүгүшүн талдоо илимий-техникалык прогресске карабастан адамдарды жана техносфераны табигый коркунучтардан коргоо жогорулабай жаткандыгын көрсөтөт. Акыркы жылдары кыйратуучу жаратылыш кубулуштарынан жабыркагандардын саны жыл сайын өсүүдө. Учурда табигый кырсыктар глобалдык көйгөй жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн аныктоочу эң маанилүү факторлордун бири деген түшүнүк бар
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Gmurman, V.E. (2004). Guide to solving problems in probability theory and mathematical statistics (9th ed.). Moscow: Higher School.
[2] Kalinin, M.Yu., Volchek, A.A., & Shvedkovsky, P.V. (2010). Emergency situations and their consequences: monitoring, assessment, forecast and prevention. Minsk: Belsens.
[3] Mikhailov, L.A., & Solomin, V.P. (2008). Emergency situations of natural, man-made and social character and protection from them. St. Petersburg: Peter.
[4] Monitoring and forecasting of hazardous processes and phenomena in the territory of the Kyrgyz Republic (16th ed.). (2022). Bishkek: Ministry of Emergency Situations of the Kyrgyz Republic.
[5] Smirnova, E.V., Chmyshenko, E.V., & Tsyganova, I.Yu. (2019). Fundamentals of economic forecasting. Orenburg: Orenburg State University.