ИНФОРМАТИКА САБАГЫНДА ОЮН ВИКТОРИНА ТЕХНОЛОГИЯСЫН КОЛДОНУУНУН МЕТОДИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Кабыл алынган убакыт 03.05.2024
Түзөтүлгөн 25.07.2024
Жарыяланган 01.09.2024

Аннотация

Макалада информатиканы оюн ыкмасына негиздеп окутуунун усулдук ыкмалары талданат жана окутуу процессинде студенттердин дидактикалык оюндарды практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланып, негиздүүлүгү ачылып берилет. Оюн аркылуу окутуунун башка педагогикалык технологиялардан айырмасы аныкталып, негизделди. Оюн технологиясынын өзгөчөлүгү, студенттердин топтук мүнөздөгү биргелешип иштөөсүнө, идеяларды бөлүшүүсүндө жана көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө үндөшүндө, ошондой эле студенттердин логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүндө болуп саналат. Окуу процессин өркүндөтүүчү жана анын практикалык багытын жогорулатуучу курал катары салыштырмалуу жаңы окуу платформасын колдонуу шарттарына өзгөчө көңүл бурулууда. Макалада мисал катары Kahoot! тиркемесинин мисалдары келтирилип, мүмкүнчүлүктөрү талдоого алынды. Kahoot! тиркемесинин белгилүү бир темалар боюнча билимди жана түшүнүүнү жөнгө салуучу, ал аркылуу кайтарым байланышты уюштурууга мүмкүн болгон натыйжалуу баалоо куралы катары колдонуудагы артыкчылыктары белгиленди

Негизги сөздөр

информатика маалыматтар технологиялары билим берүү дидактикалык оюндар викторина мотивация интерактивдүү окутуу оюнга негизделген окутуу ыкмасы компьютердик технология Kahoot
Цитаталоо
Omurzakova, Ch., & Zhusupbaeva, G. (2024). METHODOLOGICAL FEATURES OF THE APPLICATION OF GAME QUIZ TECHNOLOGY IN A COMPUTER SCIENCE LESSON. Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 22(3), 163-169.

Колдонулган булактар

[1] Drozhzhina, E.V. (2009). Didactic possibilities of using games in computer science lessons. Troitsk.

[2] Kahoot: Application for creating educational tests, games and quizzes. (2021). Retrieved from https://te-st.org/2021/07/28/kahoot-app/.

[3] Kaldybaev, S.K., & Kadyrova, Z.A. (2020). Educational achievements and their assessment. Alatoo Academic Studies, 3(2), 46-53.

[4] Omurzakova, Ch.Sh. (2019). Development of creative cognitive activity of students using ICT. Information and Communication Technologies in Teacher Education, 4(61), 63-66.

[5] Omurzakova, Ch.Sh. (2023). Effectiveness of using innovative technologies in computer science lessons. Alatoo Academic Studies, 1, 100-122.

[6] Vladimirova, N.A. (2005). Didactic games in computer science lessons. Computer Science and Education, 4.