КЫРГЫЗЧА ХИМИЯЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН КАЛЫПТАНУУ БАСКЫЧТАРЫ

Кабыл алынган убакыт 03.05.2024
Түзөтүлгөн 25.07.2024
Жарыяланган 01.09.2024

Аннотация

Макалада, азыркынын талабына толук жооп берген кыргызча химиялык терминдердин калыптануу баскычтары, алардын жыйынтыгы баяндалган. Химиялык алгачкы котормолор К.Тыныстанов, И.Арабаев ж.б.сыяктуу алгачкы окумуштууларга таандык, аларды ушул убакта термин катары колдонуп келебиз: О – кычкылтек, Н – суутек, С – көмүртек. Алгачкы орусчадан которулган, жогоруда көрсөтүлгөн элементтерге байланыштуу бирикмелер: кычкылтекке байланыштуулар – кычкылдар, кычкылтек – суутек бирикмелери – суу кычкылдары -жегичтер, кислоталар – кычкылдыктар, мектептерде колдонулуп келгендиги чындык. Заттардын кыргызча аталаштары, кыргыз тили мамлекеттик статус алгандан тартып, авторлордун жекече көз караштарына ылайык, ар түрлүү которулуп келгендиги, ошол учурда жарык көргөн эмгектерде көрсөтүлгөн. Мындай котормолордун тизмеги өтө эле көп: Na2CO3 – көмүр кычкыл Na, NaHCO3 -кычкыл көмүр кычкыл Na. Ал эми башка туздардын аталыштары алардын чыныгы маанисин чагылдырбайт. Ошондуктан, химиялык заттардын термин катары калыптануусу Республикалык, Эл аралык конференцияларда кеӊири талкууланып, алардын жыйынтыктары кыскача баяндалган. Биз жогоруда белгилеп өткөн химиялык заттар – кошулма деп аталса, таблицада кыргызча термин катары – бирикмелер, кычкылдар – оксиддер, туздар Na2CO3 –сода Na карбонаты, NaHCO3 – ичүүчү сода- Na гидрокарбонаты ж.б. туура деп аталган кыргызча химиялык терминдер тизмектелип келтирилген. Жыйынтык иретинде авторлор, Кыргыз Республикасынын химик окумуштуулары сунуштаган кыргызча терминдер күнүмдүк турмушта, мектептерде, жогорку жана атайын окуу жайларында, предметтер аралык байланыштарда, радио жана теле берүүлөрдө ж.б. туура пайдаланылса деген ойду ортого коет. Айрыкча органикалык эмес жана органикалык заттардын кыргызча термин катары аталыштарын пайдалануу кыргыз тилин байытуудагы маанилүү тармактарын баса белгилеп, тартуулашат

Негизги сөздөр

Химиялык терминдердин азыркы талапка жооп бере тургандары оксиддер бирикмелер гидриддер щелочь гидроксиддер кислота окистенүүкалыбына келүү химиялык теӊдештик
Цитаталоо
Kudaibergenov, T., Sydygalieva, A., Moidunova, A., Zhusupova, Zh., & Dzhumabekova, E. (2024). STAGES OF FORMATION OF KYRGYZ CHEMICAL TERMS. Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 22(3), 117-128.

Колдонулган булактар

[1] Arabaev, S.A., Sulaymankulov, K.S., & Shatemirov, K.Sh. (1966). Russian-Kyrgyz dictionary of chemical terms. Frunze: Ilim.

[2] Kudaybergenov, T.T. (1991). Collection of chemistry lectures. Frunze.

[3] Kudaybergenov, T.T., & Rysmendeev, K.R. (1994). General chemistry and chemistry of elements. Bishkek.

[4] Kudaybergenov, T.T., Asanov, U.A., & Rysmendeev, K.R. (2013). Chemistry, 9th grade. Bishkek.

[5] Kudaybergenov, T.T., Moldegaziyeva, S.M., Ryspaeva, B., Asanov, U.A., & Imankulova, T.I. (2013). General chemistry. Bishkek.

[6] Kudaybergenov, T.T., & Osmonalieva, G.A. (2000). Development of chemical terms in Russian and Kyrgyz languages. In Kyrgyz language: Yesterday, today, and tomorrow (p. 378). Bishkek: KRUIA.

[7] Kudaybergenov, T.T., Ryspaeva, B., Rysmendeev, K.R., & Asanov, U.A. (2008). Chemistry, 11th grade. Bishkek.

[8] Kudaybergenov, T.T., Ryspaeva, B., & Asanov, U.A. (2013). Chemistry, 8th grade. Bishkek.

[9] Osmonalieva, G.A. (2000). Term formation in the chemistry of the Kyrgyz language. In Kyrgyz language: Yesterday, today, and tomorrow (p. 99). Bishkek: KRUIA.

[10] Rysmendeev, K.R. (1988). Theoretical foundations of general chemistry. Frunze: Mektep.

[11] Shatemirov, K.Sh. (1949). Dictionary of chemical terms. Frunze.

[12] Sulaymankulov, K.S., & Kudaybergenov, T.T. (2003). Russian-Kyrgyz dictionary of chemical terms. Bishkek.

[13] Sulaymankulov, K.S., Tashkenbaev, K.T., & Shatemirov, K.Sh. (1982). Russian-Kyrgyz dictionary of chemical terms. Frunze: Ilim.

[14] Tashkenbaev, K.T. (1977). Elementary chemistry (Vols. I-II). Frunze: Mektep.