Аннотация
Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунда жумшак буудайдын жаны сорттору тузулду. Алар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген өсүмдүктөрдүн сорттору менен гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилген.Буудайдын жети сортуна патент алынган: Адыр, Кайрак, ЕХОЛ, Ралюб, Данк, Наздан жана Таажы. Буудайдын Вассан сорту ДЮЗ-экспертизадан өтүп жатат, анын жыйынтыгында ага да патент алынат.Буудайдын сортторуна патенттин болушу анын ээсине лицензиялык келишим түзүүдө өзүнүн укуктарын коргоого мүмкүндүк берет. Автордук сый акыны чогултууну уюштуруу - мезгил-мезгили менен пайыздарды төлөө катары жүзөгө ашырылуучу роялти формаларынын бири. Лицензиялык келишим Кыргызпытентте катталгандан кийин гана жарактуу болот. “Үрөндөр жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, үрөн өндүрүүчүлөр патент ээси менен лицензиялык келишим түзүшү керек. Сый акынын өлчөмү жана төлөөнүн шарттары жөнүндө келишим патент ээси менен сорттун авторунун ортосунда түзүлөт. Коргоо наамына ээ болгон сорттордун маркетинги институттун администрациясы тарабынан ишке ашырылат, бул алардын укуктарын ар кандай бузуулардан коргоого мүмкүндүк берет
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Legal protection of breeding achievements. (2012). Bishkek: Kyrgyzpatent.
[2] Pakhomeev, O.V. (2019). Distant hybridization in wheat breeding in Kyrgyzstan. In Heritage of Academician N.V. Tsitsin, "Current state and development prospects" (pp. 84-85). Moscow: GBS RAS.
[3] Pakhomeev, O.V. (2021). Results and prospects of creating new varieties of winter wheat for rainfed conditions of the Kyrgyz Republic. Izvestiya NAN KR BS, 2, 117-120.
[4] State Register of varieties and hybrids of plants approved for use in the territory of the Kyrgyz Republic. (2022). Bishkek: Department for Expertise of Agricultural Crops, Ministry of Agriculture of the Kyrgyz Republic.
[5] Vavilov, N.I. (1962). Selected works. Moscow-Leningrad: Publishing House of the USSR Academy of Sciences, Leningrad Branch.