Аннотация
Дан унун колдонуу витаминдердин, минералдардын жана тамакаш булалардын жогорку курамы бар азыктарды алууга мүмкүндүк берет. Макалада квиноанын дан унун кошуу менен пряниктин рецептин иштеп чыгуу боюнча изилдөөнүн натыйжалары берилген. Квиноа өлкөбүздүн айыл чарба практикасына, өзгөчө экологиялык көйгөйлөрү бар жерлерде ийгиликтуу киргизилди. Квиноа жогорку баалуу протеиндин булагы катары өзгөчөлүгү белгиленет. Ундан жасалган кондитердик азыктардын ассортиментин кеңейтүү жергиликтүү чийки затты пайдалануу багытында ишке ашырылууда. Ундан жасалган кондитердик азыктардын рецептин иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат, мында энергетикалык баалуулуктарды төмөндөтүү менен протеиндин, витаминдердин, минералдардын жана тамакаш булаларынын курамын көбөйтүү багытында химиялык составды олуттуу оңдоого жетишилет. Республикада пряник азыктарын өндүрүү үчүн буудай унунан башка ундун түрлөрү колдонулбайт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында пряниктин жаңы рецепти негизделип чыккан, мында биринчи сорттогу буудай уну квиноа уну менен алмаштырылган. Контролдук жана эксперименталдык жарым фабрикаттарды сыноонун органолептикалык көрсөткүчтөрү изилденген
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Childhood obesity: From psychological problems to premature death. (2022). Retrieved from https://24.kg/obschestvo/238612_detskoe_ojirenie_otpsihologicheskih_problem_doprejdevremennoy_smerti_/.
[2] Gumat KG. (n.d.). Retrieved from http://gumat.kg/.
[3] Merkulova, N.Yu., Zueva, O.N., & Tokhiriyon, B. (2018). Study of the composition and quality of sugar and oatmeal cookies using quinoa seed flour. Food Industry, 3(3), 52-58.
[4] Ospanov, A.A., Timurbekova, A.K., Muslimov, N.Zh., & Dzhumabekova, G.B. (2013). Technology of production of polygrain products. Almaty.
[5] Zakharova, A.S., Koneva, S.I., & Meleshkina, L.E. (2022). Study of the qualitative characteristics of flour mixtures obtained by targeted combination of traditional raw materials with quinoa seeds. Bulletin of KrasSAU, 6, 187-193. doi: 10.36718/1819-4036-2022-6-187-193.