Аннотация
Бул басмага даярдалган макалада Кыргызстандын Нарын облусунун шартында үрөндүк картошканын коркунучтуу зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүүдө коргоо каражаттарын колдонуу боюнча изилдөө натыйжалары келтирилген. Натыйжада, бул региондо картошканын коркунучтуу илдеттери катары анын кадимки жана күмүш түстүү котур илдеттери, ризоктониоз жана тамыр түймөктөрдүн кургак чириктери (фузариоздук жана фомоздук) аныкталды. Алардын таасиринен үрөндүк чарбаларда жыл сайын 30 пайызга чейин картошка түшүмү жокко чыгат. Көбүнчө мындай абал картошка түймөктөрүнүн үстүндө зыяндуу илдеттеринин козгогучтары жайгашканынан келип чыгат. Ошондой эле, ал илдеттердин козгогучтары өсүмдүк калдыктарда жана отургузган топурактарында жайгашышат. Изилдөөлөрдүн негизде, мындай учурларда, картошка түймөктөрүн отургузуу алдында ууландыруу жакшы найтыйжа көрсөтө алды. Андан тышкары, өсүмдүктөр өрчүү мезгилинде дагы бир нече зыяндуу патогендерге чалдыгышат. Аларга каршы биз колдонгон кээ бир коргоо каражаттары дагы өздөрүнүн жогорку эффективдүүлүгүн көрсөтө алды
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Dospekhov, B.A. (1979). Methodology of field experiments (with basics of statistical processing of research results) (4th ed.). Moscow: Kolos.
[3] Novikov, P.V. (2010). Prestige preparation for potato tuber treatment. Plant Protection and Quarantine, 1.
[5] Patrikeeva, M.V., Gerasimova, A.V., & Bykova, L.D.. (2010). Effectiveness of protecting seed potatoes from diseases. Plant Protection and Quarantine, 6.
[4] Review of the emergence and spread of major pests and diseases of agricultural crops in the Kyrgyz Republic in 2020 and forecast for their emergence in 2021. (2021). Bishkek.
[2] State register of plant varieties and hybrids approved for use in the Kyrgyz Republic. (2023). Bishkek.