КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИСТЕ ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН (PISTACIA VERA L.) ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ

Кабыл алынган убакыт 27.07.2022
Түзөтүлгөн 18.10.2022
Жарыяланган 24.11.2022

Аннотация

Чыныгы мисте (Pistacia vera L.) баалуу жаңгак өсүмдүгү болуп саналат, анын жаңгагына болгон суроо-талап чийки заттан көп эсе ашат. Борбордук Азиянын түндүк ареалы болуу менен алар эбегейсиз зор генофондго ээ, бул жаңгактын сапаттык мүнөздөмөлөрү боюнча маданий сортторунан кем калбаган экономикалык жактан эң баалуу формаларын тандап алууга мүмкүндүк берет, ар түрдүү жана маанилүү эл чарбалык мааниси бар баалуу жаңгак тукумдарынын бири. Эл аралык жана жергиликтүү рынокто мисте жаңгагына суроо-талап жыл сайын өсүп жатат. Мистенин ар түрдүүлүгү, селекциянын натыйжалары жана токой плантацияларын түзүү жана мисте плантацияларын өстүрүү ыкмалары жөнүндө маалымат берилген. Табигый шартта өскөн мисте токойлорунун түрлөрү көрсөтүлгөн. Мистелердин үрөөн жана вегетативдик жаңылануу жолдору жана табигый жаңылануусу тууралуу маалымат берилген. Мисте плантацияларынын түшүмдүүлүгү боюнча изилдөөчүлөрдүн маалыматтары келтирилген. Мисте токой өсүмдүктөрүн түзүү плантациялар үчүн жерди туура тандоону, жерди себүү алдында топуракты даярдоонун мыкты ыкмасын, үрөөндү даярдоонун жана себүүнүн мыкты ыкмаларын талап кылат. Жаш мисте плантацияларын экономикалык жактан баалуу формалар жана интродукцияланган сорттор менен өркүндөтүү алардын түшүмдүүлүгүн бир нече эсеге жогорулатат жана эркек менен ургаачысынын оптималдуу катышын түзүүгө мүмкүндүк берет. Камбиалдык катмардын жогорку активдүүлүгү бир жылдык бутактарда байкалат. Макалада мистелерди өркүндөтүүнүн эң жакшы жолун - бир жылдын же бир жылдык вегетативдик бутактарынын жайкы бүчүрлөрүнүн өсүшүнө маани берүү тууралуу талданат

Негизги сөздөр

Мисте форманын көп түрдүүлүгү мисте токой өсүмдүктөрүн түзүү
Цитаталоо
Mamadjanov, D., Kenzhebaev, S., Turgunbaev, K., & Belek uulu, E. (2022). INCREASING THE PRODUCTIVITY OF PISTACHIO PLANTATIONS (PISTACIA VERA L.) IN KYRGYZSTAN . Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 20(4), 41-48.

Колдонулган булактар

[1] Ozolin, V.E. (1968). Pistachio forests of Southern Kyrgyzstan. (PhD dissertation in Biological Sciences, Frunze, Kyrgyz Republic).

[2] Griza, E., & others. (2008). Typology of forests of the Kyrgyz Republic. Bishkek.

[3] Ak, B.E. (2007). Pistachio cultivation. Ankara.

[4] Ashimov, K.S., Kenzhebaev, S.K., & Kozhoshev, O.S. (2014). Introduction of promising pistachio varieties in the conditions of Kyrgyzstan. Bulletin of KNAU named after K.I. Skryabin, 270-277.

[5] Ak, B.E., Karadag, S., & Sakar, E. (2016). Pistachio production and industry in Turkey: Current status and future perspective. In XVI GREMPA Meeting on almond and pistachio, Meknès, Morocco (pp. 323-329). Options Méditerranéennes, Series A: Mediterranean Seminars, No. 119.

[6] Herrera, E. (1997). Growing pistachios in New Mexico. New Mexico: New Mexico State University. 

[7] Bolotov, S., & Kenzhebaev, S.K. (2005). Pistachio forests of Southern Kyrgyzstan. Jalal-Abad.