ТОНДОО ПРОЦЕССИНДЕ ҮРӨНДҮН СЫРТКЫ КАТМАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНА ТААСИР БЕРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР

Кабыл алынган убакыт 27.07.2022
Түзөтүлгөн 18.10.2022
Жарыяланган 24.11.2022

Аннотация

Туура эмес формадагы өсүмдүктөрдүн майда үрөндөрү үчүн тондоо процесси себүү алдында, үрөндү даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат. Тондоо процессинин натыйжасында үрөндөр туура формага ээ болуп, себүнү жеңилдетет, б.а. аларды тереңдиги жана горизонтал боюнча топуракка бирдей бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Тондолгон үрөндөрдүн баасы жогору болот, бирок алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу оң натыйжага жетсе болот. Тондоочу аралашманын касиеттерине жана үрөндүн сырткы катмарынын калыптанышына таасир берүүчү факторлорду эске алуу зарылчылыгы тондоочу жабдуулардын конструкциясын иштеп чыгууга негиз түзөт. Макалада үрөндүн өлчөмүнөн, адгезия жөндөмдүгүнө ээ болгон кабыктын калыңдыгынан жана үрөндөрдүн жабышып калышын болтурбоочу тондоо процессиндеги үрөндүн сырткы катмарынын калыптанышына таасир берүүчү негизги факторлор талданган. Бул факторлор аналитикалык көз карандылыктар менен түзүлгөн, алар эксперименталдык изилдөөлөрдө үрөндү тондоо үчүн жабдуулардын иштөө режимин жана конструкциялык параметрлерин негиздөөдө колдонулушу мүмкүн, атап айтканда тондоонун жумушчу органынын (барабандын) айлануу ылдамдыгынын шарттарынын үрөндү нымдоо коэффициентине жана башкаларга көз карандылыгын сүрөттөөгө мүмкүндүк берет ж.б.

Негизги сөздөр

тондогуч айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү барабандын бурчтук айлануу ылдамдыгы адгезия
Цитаталоо
Kasymbekov, R., Osmonov, Y., Akmatov, A., Aituganov, B., Narymbetov, M., & Talipov, A. (2022). FACTORS AFFECTING THE FORMATION OF THE SEED SHELL DURING THE DRAINING PROCESS . Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 20(4), 244-250.

Колдонулган булактар

[1] Mikheev, D.A. (2015). Studies on the application of liquid components to seed surfaces using a disc atomizer in the mixing chamber of a seed pelleting machine. Youth and Innovation, 243-245.

[2] Mikheev, D.A. (2013). Methods of seed pelleting. Youth and Innovation, 19-21.

[3] Davidson, E.I. (2009). Agricultural machinery. Identification, modeling, cybernetics. St. Petersburg: SPb GAU.

[4] Avdeev, M.V. (2003). Use of electrophysical ultrasound effects in seed pelleting. Bulletin of ChGAU, 26-29.

[5] Buslenko, N.P. (1973). Lectures on the theory of complex systems. Moscow: Soviet Radio.