Аннотация
Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө жакырчылыкты кыскартуунун негизги багыттары изилденген. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн статистикалык маалыматтарынын негизинде акыркы алты жылдагы жакырчылыктын деңгээлине талдоо жүргүзүлдү. Шериктештиктин бардык мамлекеттери үчүн жакырчылык маселеси, анын актуалдуулугу аныкталды. Жакырчылыкты кыскартуу, калктын жакырчылык чегинен төмөн үлүшүн азайтуу маселелери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн глобалдык милдети болуп саналат. Социалдык пособияларды, балдары бар аз камсыз болгон үйбүлөлөргө ар кандай түрдөгү жөлөкпулдарды төлөө механизмин колдонуу аркылуу калктын жакыр жашаган катмарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары каралды. Өлкөнүн айыл жерлеринде жакырчылык менен күрөшүүдө Кытайдын тажрыйбасы изилденип, даректүү жардам көрсөтүү аркылуу жакыр адамдардын санын кыскартуунун негизги жолдору көрсөтүлдү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калкынын жумушсуздугуна жана жакырчылыгына таасирин тийгизген негизги себептер аныкталды. ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча жакырчылыктын деңгээлин эсептөөнүн бирдиктүү методикасын иштеп чыгуу боюнча сунуштар иштелип чыкты, жакырчылыкты кыскартуу жана калктын социалдык абалын жакшыртуу боюнча сунуштар берилди
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Smith, A. (2020). An inquiry into the nature and causes of the wealth of nations. Moscow: Eksmo.
[2] Kocherbaeva, M.D. (2020). Social aspects of sustainable tourism development in EAEU countries. Bishkek: KEU.
[3] Poverty in Russia 2021-2022: Statistics. (n.d.). Retrieved from https://ratenger.com/economics/bednost-rossiya-statistika.
[4] Poverty level in Armenia. (2021). Retrieved from http://ru.armenia.sputnik.
[5] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (2021). Kyrgyzstan in figures. Retrieved from https://stat.gov.kg/en/.
[6] Fighting poverty in China: A great miracle in the annals of history. (2021). Kontimost, 3, 12–17.
[7] Eurasian Economic Commission official website. (n.d.). Retrieved from http://www.eurasiancommission.org/ru/.
[8] Poverty in Belarus. (n.d.). Retrieved from https://visasam.ru/bednost-v-belarusi.
[9] Global poverty statistics. (n.d.). Retrieved from https://nonews.co/lists.
[10] Poverty threshold in Kazakhstan 2021-2022. (n.d.). Retrieved from https://visasam.ru.
[11] Churakaeva, E.V., & Isakov, E.K. (2009). The role of the state in increasing employment and reducing unemployment. Bulletin of KRSU, 9(7), 187-192.