Аннотация
Бул иште гидротехникалык курулмалардын абалына техникалык көзөмөлдү уюштуруу маселелери каралган. Негизги багыт методдорго, дефект диагностикасына жана ишенимдүүлүгүн жана өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууга багытталган. Чарба ичиндеги сугат системасынын каналдарынын жана курулмаларынын ишенимдүү эксплуатацияланышы техникалык чечимдердин деӊгээли жана долбоордун аткарылышынын сапаты, курулуш иштерин жүргүзүүнүн сунуш кылынган технологиясын так сактоо жана аларды туура эксплуатациялоону уюштуруу менен аныкталат. Сугат системасынын эксплуатациялоодогу ишенимдүүлүк деңгээли бул: системанын бардык элементтеринин, анын ичинде туруктуу өткөрүүчү жана убактылуу жөнгө салуучу ирригациялык тармактын, каналдардын системасынын, тармактагы курулмалардын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн жалпы узактыгы, системаны кылдат даярдоо менен камсыз кылынат. Сугат сезонунун башталышына, андан кийинки ремонт иштерине жана алардын иштешине дайыма көзөмөлдүк кылуу болуп саналат. Эксплуатациялоо боюнча иш-чаралар системасында профилактикалык жана калыбына келтирүүчү оңдоолорду өз убагында жүргүзүүгө, анын иштөө эрежелерин сактоо менен системанын бузулуу мүмкүнчүлүгүн жоюуга маанилүү орун берилет. Ага ылайык сугат тармагын жумушчу абалда кармоо боюнча эксплуатациялык иштер каналдардын жана курулмалардын абалына байкоо жүргүзүү, бузулуулардан коргоону камсыз кылуу, зарыл болгон оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүү менен чектелет
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
- Zhamangapova, A.K., & Kyzibek kyzy, S. (2024). Efficiency of the use of water distribution structures. Bulletin “Scientists’ Space in the World”, 1, 60-64.
- Ismailova, K.D., & Kalybek, I. (2023). Mechanical movements of channel flows. Bulletin “Scientists’ Space in the World”, 1, 78-82.
- Botokanova, B.A., & Zhamangapova, A.K. (2019). Determination of the main parameters of a water intake structure on the Kurkureu-Suu River. Bulletin of the Kyrgyz-Russian Slavic University, 19(8), 116-120.
- Bayalieva, Zh.A., & Mominov, R. (2024). Solutions for water supply of old irrigated lands. Bulletin “Scientists’ Space in the World”, 1, 30-37.
- Volkov, I.M., Kononenko, P.F., & Fedichkin, I.K. (1977). Design of hydraulic structures. Moscow: Kolos.
- Bochkarev, V.Ya. (2012). New technologies and measuring tools, methods of water accounting organization on irrigation systems. Novocherkassk: RosNIIPM.
- Kiselev, P.G. (Ed.). (2011). Handbook on hydraulic calculations. Moscow: Ecolit.
- Construction Norms and Regulations of the Kyrgyz Republic (SNiP KR 12-02:2017). (2017).
- State Construction Committee of the Kyrgyz SSR. Catalog of construction works. (2005).
- Construction Norms and Regulations (SNiP 3.01.01-85). Organization of construction production. (n.d.).