Аннотация
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы өлкөнүн экономикалык өнүгүү процессиндеги алдыңкы тармактардын бири болуп саналат жана ИДПнын төрттөн бирине жакынын түзөт. Мунун аркасында айыл жериндеги калктын жарымынан көбү жумуш менен камсыз болгон. Кирешелүү айыл чарба өндүрүшүнө жетишүүдө ирригация абдан маанилүү ролду ойнойт жана жакшы башкарылган ишенимдүү жана эффективдүү ирригациялык инфраструктурага ээ болуу айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун зарыл шарты жана көрсөткүчү болуп саналат. Буга чейин чарбалык инфраструктураны совхоздор менен колхоздор кармап турса, СССР тарагандан кийин ээсиз калган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана түзүлгөн суу пайдалануучулар уюмдарынын чарбалык ирригациялык инфраструктураны ишенимдүү эксплуатациялоо жана сапаттуу тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жетиштүү институционалдык, техникалык жана финансылык ресурстары болгон эмес. Мындай көрүнүштөрдүн кесепетинен көптөгөн системалар жараксыз абалга келип, сууну өз убагында камсыз кылбагандыктан жана пайдаланбагандыктан суу пайдалануучулар чоң кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Мындай көйгөйлөр, албетте, айыл чарба өндүрүшүнүн кыскарышына, бир катар сугат жерлеринин которуштуруп айдоодон ажырап калышына алып келди
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
- Project Report on Climate Change and Disaster Resilience in the Water Resources Sector – Subproject Kozho-Kaiyr. Environmental assessment. (2020). Bishkek.
- Decree of the President of the Kyrgyz Republic No. 23 "On the National Water Strategy of the Kyrgyz Republic until 2040". (2023, February). Retrieved from https://cbd.minjust.gov.kg/434905/edition/1250799/ru.
- Bayalieva, Zh.A., & Umetov, U. (2023). Engineering solutions for water consumption in mountainous areas. Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University named after K.I. Skryabin, 2(69), 54-58.
- Nedriga, V.P. (Ed.). (1983). Hydraulic structures: Designer’s handbook. Moscow: Stroyizdat.
- AKIpress. (n.d.). Retrieved from https://akipress.org.