Аннотация
20-кылымдын 1-чейрегинен баштап өндүрүш техниканын прогрессинин натыйжасында адамзаттын экологияга тийгизген терс таасири бир нече эселеп көбөйүп баштады. Дүйнолүк глобализациянын натыйжасында калктын саны жогорулап, тамак-ашка болгон муктаждыкка байланыштуу эгин айдоо жерлеринин көбөйүшү, маданий өсүмдүктөрдүн натыйжасында жерлер арыктоодо жана шор болууда. Өсүмдүктөрдүн, дан азыктарынын, пахта буюмдарынын ж. б. өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана отоо чөптөрдөн арылтуу үчүн пестициддер колдонулат. Пестицид (латынча pestis «жугузуучу» жана caedo «өлтүрүүчү”) бул химиялык затттардан: азот, күкүрт, фосфор ж.б. турган, абанын булгануусуна кандайдыр бир деңгээлде зыянын тийгизген уулуу зат. Ушул көгөйлөрдүн ичинен акыркы беш жылда дүйнө жүзүндө жана ошондой эле Кыргызыстанда аба көйгөйү глобалдуу экологиялык көйгөй болууда. Абасы булганган алдыңкы беш шаарлардын катарына, кышкы жылытуу мезгилинде, Бишкек шаары кирип келет. 2010-2019-жылдар аралыгында абанын булганышына байланыштуу Кыргызстанда 4100-5000 адам өлүмү катталган. Абада азот диоксидинин топтолушу дем алуу органдарынын ооруларын, тактап айтканда астма, өпкө рагы оорусун жана ошондой эле жүрөк ооруларын пайда кылат. Абанын булганышынын кесепетинен ымыркайлардын убактысынан эрте төрөлүшү, ымыркайдын өлүмүнө же өпкө функциясынын начарлашы, жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, жана неврологиялык оорулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бишкек шаарынын тургундарынын ден-соолугун коргоо үчүн адистер жылуулук системаларынын сапатын жакшыртууну сунуштап келишет
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] ECONOMIST Financial Publication. (n.d.). Retrieved from https://www.google.com/search?q=https://economist.kg/novosti/2023/08/11/obieshchannyiemusoropierierabatyvaiushchiie-zavodyskolko-iz-nikh-byli-postroieny/%23:~:text%3D%25D0%259F%25D0%25%25D0%25B0%25D0%25B4%25D0%25BC %D0%B8%D0%BD%D0%B8%D1%81%D1%82%D1%80%D0%B0%D1%86%D0%B8%D0%B8%2C%20%D0%B2,135%20 %D0%BC%D0%BB%D0%BD%20.
[2] IQAir. (n.d.). Retrieved from https://www.iqair.com/ru/kyrgyzstan/bishkek.
[3] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from https://www.stat.kg/ru/opendata/category/306/.
[4] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from https://www.stat.kg/media/publicationarchive/2a652573-efb0-4424-8e4c-534401ff6ff9.pdf.
[5] SPUTNIK. (n.d.). Retrieved from https://ru.sputnik.kg/20231006/akylbek-zhaparov-avtomobili-katalizatory-peredvizhenie-zapret-1079201614.html.
[6] United Nations. (n.d.). Retrieved from https://news.un.org/ru/story/2022/11/1434647.
[7] United Nations. (n.d.). Retrieved from https://news.un.org/ru/story/2022/12/1435912.