АЙЫЛ ЧАРБАДАГЫ САНАРИПТИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Кабыл алынган убакыт 03.05.2024
Түзөтүлгөн 25.07.2024
Жарыяланган 01.09.2024

Аннотация

Бүгүнкү күндө айыл чарбасында маалыматтык технологияларды колдонуу компьютерди колдонуу гана эмес. Санариптик технологиялар өсүмдүк жана мал чарбачылыгынын бардык циклин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Акылдуу аппараттар топурак, өсүмдүктөр жана микроклимат сыяктуу параметрлерди өлчөйт жана өткөрүп берет. Сенсорлордон, дрондордон жана башка жабдуулардан алынган бул маалыматтардын баары атайын программалар менен талданат. Мобилдик же онлайн тиркемелерди колдонуу менен фермерлер жана агрономдор отургузуу жана түшүм жыйноо үчүн ыңгайлуу убакыттарды аныктай алышат, жер семирткичтерди колдонуунун графигин эсептеп, түшүмдүүлүктү болжолдой алышат ж.б.. Эң кеңири заманбап инновациялык технологиялар АКШда жана Европанын алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулат, аларда тактык тех нологияларынын кирүү деңгээли 80%га жетет. Акылдуу санариптик технологиялардын элементтери кошуна өлкөлөрдө,Орусияда, Белоруссияда жана Казакстанда да колдонула баштады, аларды ишке ашыруудан алгачкы реалдуу пайдалар алынды. Кыргызстандын айыл чарба тармагында санариптик инновациялык технологияларды колдонуунун анык болгон перспективалары байкалууда

Негизги сөздөр

санариптик технологиялар айыл чарба өндүрүшү санариптештирүү инновациялык технологиялар азык-түлүк коопсуздугу инновация айыл чарбасы технология
Цитаталоо
Sydykova, T. (2024). FEATURES OF INNOVATIVE PROCESSES IN DEVELOPMENT AGRICULTURE. Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 22(3), 170-176.

Колдонулган булактар

[1] Harvard Business Review. (2019). The most digital countries in the world. Retrieved from https://hbr.org/2019/09/ranking-42-countries-by-ease-of-doing-digital-business.

[2] Jumasheva, S.T., Mukhanova, A., & Smagulova, Zh.B. (2020). Digitalization as the basis of the innovative potential of Kazakhstan's agricultural production. Problems of the Agricultural Market, 2.

[3] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from https://www.stat.kg.

[4] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Analytical note: Features and prospects of agricultural development in the Kyrgyz Republic. Retrieved from https://www.stat.kg.

[5] Roadmap for the implementation of the digital transformation concept "Digital Kyrgyzstan 2019-2023". (n.d.). Retrieved from https://www.gov.kg/ru/programs/.

[6] SIBELIUS in Kyrgyzstan: The revolutionary Kyrgyz data cube has moved to the next stage of development. (n.d.). Retrieved from https://www.infoik.net.kg/index.php/item/578-sibelius-v-kyrgyzstane-revolyutsionnyj-kyrgyzskij-kub-dannykh-pereshel-na-sleduyushchij-etap-razvitiya.