Аннотация
Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институту (КНИИЗ) жана "Ак-Куу" мамлекеттик - жеке өнөктөштүк деңгээлинде канаттуулардын кыгынын негизинде кайра иштетилген чымын личинкаларынын алынган биогумусунун ар кандай дозаларынын кыртыштын ар типтеринин асылдуулугуна, ошондой эле Чүй өрөөнүндөгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча кыска мөөнөткө изилдөө жүргүзулгөн. Чымындардын личинкалары тарабынан кайра иштетилген биогумустун ар кандай дозаларынын кыртыштын асылдуулугуна жана күздүк буудайдын, жүгөрүнүн, кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнө таасири изилденген; муну менен катар топуракта азоттун, гумустун топтолушунун динамикасы изилденген; Чүй өрөөнүнүн ар кандай кыртыш-климаттык зоналары үчүн изилденген өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнө канаттуулардын кыгынын таасирине баа берилген. Биз төмөнкү милдеттерди койдук: органикалык заттарга биогумустун таасирин жана боз, боз-шалбаа жана ачык-боз кыртыштарынын асылдуулугунун негизги элементтерин изилдөө; биогумустун ар кандай дозаларына жараша күздүк буудайдын, жүгөрүнүн жана кант кызылчасынын өсүү, өнүгүү жана түшүмдүүлүк мүнөзүн аныктоо. Чүй өрөөнүнүн сугат боз, шалбаа-боз топурак кыртыштарында жана кайрак ачык-боз топурактарында күздүк буудайды, жүгөрүнү жана кант кызылчасын өстүрүүдө канаттуулар кыгынан иштетип чыгарылган органикалык заттын (мындан ары биогумус) колдонуу мүмкүндүгү изилденген жана илимий жактан негизделген. Биогумустун ар кандай дозаларынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (арпа, жүгөрү, кант кызылчасы) өсүшүнө, ошондой эле боз, ачык боз жана шалбаа-боз топурак кыртышынын структурасына, механикалык курамына, гумуска оң таасири жана натыйжалуулугу аныкталган. Изилдөө жыйынтыгында айыл чарба өсүмдүктөргө биогумустун оптималдуу жана натыйжалуу дозасын аныкталган
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Agrochemical methods of soil research. (1975). Moscow.
[2] Bgatov, A.V., & Sorokoletov, O.N. (2004). Improving soil structure and fertility, its ecological purification by combined application of zoohumus and natural zeolites. Novosibirsk State Agrarian University RAAS, Institute of Cytology and Genetics SB RAS, 4.
[3] Bgatov, A.V. (2004). Improving soil structure and fertility, its ecological purification by combined application of zoohumus and natural zeolites. Achievements of Modern Natural Science, 4, 138-139.
[4] Grishina, L.A. (1986). Humus formation and humus state of soils. Moscow: Izd. MGU.
[5] Zhumabekov, E.Zh. (2019). Soils of Kyrgyzstan. Increasing their fertility. Bishkek.