Аннотация
Бул макалада адамдын Кыргызстандын климатына (экосистемасына) тийгизген зыяны жана ал өзгөрүүлөрдүн малдын организмине тийгизген таасири жѳнүндѳ алынган илимий натыйжалар баяндалат. Климаттын өзгөрүшү, өзгөчө акыркы жылдарда кескин начарлады, бул биринчи кезекте антропогендик факторлорго байланыштуу, тактап айтканда, атмосферага таштандылар жана парник газдарынын эмиссиясы, көп сандаган автотранспорт каражаттары, жерди пайдалануу жана мал багуу эрежелеринин сакталбашы менен шартталган. Мунун баары курчап турган чөйрөнүн, өзгөчө Бишкектин жана анын айланасынын булганышына (1,5-2 эсеге чейин) алып келди. Ошонун негизинде, шаардын айланасындагы чарбаларда антропогендик булгануунун жана анын малдын ден соолугуна тийгизген таасирин илимий изилдөө өзгөчө актуалдуу болуп калды. Эксперимент үчүн жергиликтүү типтеги кара ала породадагы уйлар пайдаланылып, топурактагы, тоютундагы жана малдын канындагы темир, жез, марганец, цинк, йод, мышьяк сыяктуу биогендик микроэлементтер индуктивдүү туташкан плазма атомдук спектрофотометрин колдонуу менен изилденди. Айлана-чөйрөнүн (топурак, тоют) булганышынан, айрыкча транспорт каражаттарынан, өнөр жай ишканаларынан жана мекемелеринен бөлүнүп чыгуучу ар кандай жагымсыз газдардын натыйжасында, айрым биогендик микроэлементтердин саны азайып, мышьяк сыяктуу уулуу элементтер көбөйѳт. Бул малда зат алмашуусунун жана репродуктивдүү органдарынын ар кандай патологияларын, айрыкча сөөктутумунун, нейрогуморалдык, ферменттик жана иммундук системаларынын бузулушун пайда кылат
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Measures to combat climate change. (n.d.). Retrieved from https://www.un.org/ru/climatechange/whatis-climate-Change.
[2] Causes of climate change and reducing their impact. (n.d.). Retrieved from http://www.cawater-info.net/ik/7-6.htm.
[3] Air pollution in Bishkek. (n.d.). Retrieved from https://24.kg/obschestvo/255805/.
[4] Global Summit "Bishkek +25". (n.d.). Retrieved from https://www.president.kg/sobytiya/21105_president.
[5] Kondrakhin, I.P., Kupilov, N.V., Malakhov, A.T., Arkhilov, A.V., Belov, A.D., Bilinov, N.I., Korobov, A.V., Frolova, L.A., & Sevastyanova, N.A. (1985). Clinical laboratory diagnostics in veterinary medicine: Reference edition. Moscow: Agropromizdat.
[6] Kalnitsky, B.D. (1985). Mineral substances in animal feeding. Leningrad: Agropromizdat.
[7] Sindyreva, A.V. (2012). Criteria and parameters of trace element effects in the soil-plant-animal system. (Doctoral dissertation in biological sciences, Tyumen, Russia).
[8] Urazaev, N.A., Nikitin, V.Ya., & Kabysh, A.A. (1990). Endemic diseases of agricultural animals. Moscow: Agropromizdat.
[9] Nogoibaev, M.D. (2007). Study of certain biogeocenotic pathologies in animals in a specific biogeocenosis. Bulletin of KAU named after K.I. Skryabin, 3(8), 184-187.
[10] Topuriya, G.M. (2003). Immunodeficiency states and their correction in cattle under conditions of ecological distress. (Doctoral dissertation in biological sciences, Orenburg, Russia).
[11] Usubalieva, A.M. (2007). Physico-chemical basis of accumulation of copper, zinc, cadmium, and lead in food products of plant origin. (Candidate dissertation in chemical sciences, Bishkek, Kyrgyz Republic).
[12] Tairova, A.R., & Mukhamedyarova, L.G. (2010). Biogeocenotic assessment of the soil-plant-animal system in the agroecosystem of the Southern Urals. In Materials of the international scientific-practical conference (Vol. 3, pp. 365-368). Troitsk.