Аннотация
Макалада Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасынын боз-шалбаа топурагында, тогуз талаалуу которуштуруп айдоодогу экинчи жүгөрүнүн түшүмү менен сапатына минералдык жер семирткичтердин өлчөмдөрүнүн таасири изилденген. Дан өндүрүүнү ургаалдаштыруу, анын ичинде жүгөрү маанилүү факторлордун бири. Акыркы жылдын ичинде окумуштуулар жана практиктердин аракети менен өлкөдө жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн 80 – 130 ц/га жеткире турган потенциал түзүлгөн. Өндүрүш келечектүү, жогорку түшүмдүү жүгөрүнүн сортторуна жана гибриддерине ээ болду. Совет мамлекети учурунан тартып ушул мезгилге чейин, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, анын ичинде жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуудагы маанилүү маселеле болуп, жер семирткичтерди колдонуу жана жүгөрүнун жаңы сортторун, гибриддерин өндүрүшкө кийирүү эсептелет. Жүгөрү тоюттук баалуулугу боюнча көпчүлүк тоют өсүмдүктөрүнөн алдыда турат. Анын даны тамак-аш өнөр жайы үчүн чийки зат, аралаш тоют өндүрүүдө алмашылгыс компонент болуп эсептелет. Ошондуктан, биз изилдеп жаткан топурак-климаттык шартында жүгөрүнүн жер семирткичтер системасы мурда изилденбегендиктен, изилдөө темасы актуалдуу жана практикалык мааниси чоң. Изилдөө иши, 1967-жылы агрохимия кафедрасынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган стационардык тажрыйба талаасында жүргүзүлгөн. Стационардык тажрыйба талаасы үч талаага бөлүнгөн жана тогуз талаалуу талаа которуштуруп айдоосу киргизилип, ал толугу менен өздөштүрүлгөн
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Bagrintseva, V.N., & Ivashenenko, I.N. (2015). Responsiveness of modern corn hybrids to nitrogen fertilizer in the conditions of Stavropol Krai. Agrochemistry, 11, 45-50.
[2] Gildebrandt, Z.G. (1988). Fertilization of corn in beet crop rotation on gray-meadow soils of the Chuy Valley of the Kyrgyz SSR. (PhD dissertation in Agricultural Sciences, Frunze, Kyrgyz Republic).
[3] Gimbatov, A.Sh., & Abdurazakov, Sh.M. (2004). Productivity of various hybrids and varieties under irrigated conditions in Dagestan. Corn and Sorghum, 6.
[4] Doeva, L.Yu., & Shalygina, A.A. (2007). Efficiency of mineral fertilizers in corn crops. Corn and Sorghum, 2, 8-11.
[5] Duyshembiev, N.D. (2007). Scientific foundations of nutrition and fertilization of crops in beet crop rotations on gray-meadow soils of Kyrgyzstan. (Doctoral dissertation in Agricultural Sciences, Bishkek, Kyrgyz Republic).
[6] Kazankova, V.I., & Kulbatskaya, B.P. (1994). Influence of mineral nutrition level on corn yield and nitrogen content in grain. Agrochemistry, 12, 47-50.
[7] Kuznetsov, N.I. (1980). Agrochemical foundations of corn yield in Kyrgyzstan. Frunze: Ilim.
[8] Petrov, N.Yu., Davydov, S.V., Imangaliev, K.A., & Zenina, E.A. (2008). Resource-saving technology for growing corn for grain in the conditions of Volgograd Oblast. Agrarian Bulletin of the Urals, 4, 48-52.
[9] Petrov, N.Yu., Plotnikov, V.N., & Zenina, E.A. (2009). Comparative evaluation of corn hybrid cultivation in the conditions of the Lower Volga. In Arid land use: Methods and technologies of intensification (pp. 260-261). Moscow: Vestnik RASKhN Publishing.
[10] Stulin, A.F. (2003). Productivity of corn grown in crop rotation and continuously, soil fertility of chernozem, and agroecological assessment of soil under long-term fertilizer application in the conditions of the Central Black Earth Zone. In Materials of the International scientific-practical conference (pp. 341-345). Lugansk.