ЭКОСИСТЕМАЛЫК КЫЗМАТ КѲРСѲТҮҮЛѲРДҮ БААЛОО («САЛКЫН-ТѲР» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН МИСАЛЫНДА)

Кабыл алынган убакыт 05.02.2023
Түзөтүлгөн 19.04.2023
Жарыяланган 28.05.2023

Аннотация

Бул макала өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо маселелерине арналган, "Салкын-Төр"мамлекеттик жаратылыш паркынын жер, суу, биоар түрдүүлүк, токой экосистемаларына баа берүү аныкталган жана токой ресурстары тарабынан көмүртектин жутулушунун наркы бааланган. Изилдөөнүн максаты өзгөчө корголуучу аймактарда экосистемалык кызматтардын экономикалык баасын аныктоо болуп саналат. Аталган максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттерди аткаруу зарыл: экосистемалык кызматтарды баалоо ыкмаларын талдоо; сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн индикаторлорун иштеп чыгуу; "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркынын экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрүнө экономикалык баа берүү үчүн чет өлкөлүк жана ата мекендик ыкмаларды талдоонун негизинде тиешелүү ыкмаларды тандоо жана изилденүүчү аймактагы экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык баасын аныктоо; Нарын облусунун тургундарынын жана Нарын облусунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында келген туристтердин арасында сурамжылоо жүргүзүү; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жаратылышты пайдалануунун оптималдуу режимдерин аныктоо жана экосистемалардын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу менен изилденип жаткан аймактын ишинин келечектеги стратегиялык багыттарын жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын көбөйтүүнүн жолдорун белгилеп көрсөтүү. Изилдөөнүн жүрүшүндө колдонулган ыкмалар: анализ жана синтез, статистикалык, графикалык ыкмалар, сурамжылоо жана маектешүү

Негизги сөздөр

Жаратылыш ресурстары өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаратылыш ресурстарынын объективдүү баасы суу ресурстары жер ресурстары биологиялык ар түрдүүлүк токой ресурстары рекреациялык кызматтар экосистемалык кызматтар экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык баа берүү
Цитаталоо
Omuralieva, D., & Turdumambetova, S. (2023). ECONOMIC ASSESSMENT OF ECOSYSTEM SERVICES (ON THE EXAMPLE OF THE STATE NATURAL PARK "SALKYN-TOR"). Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 21(2), 232-240.

Колдонулган булактар

[1] Bobylev, S.N., & Goryacheva, A.A. (2019). Identification and assessment of ecosystem services: International context. Bulletin of International Organizations: Education, Science, New Economy, 14(1), 225-236. 

[2] Costanza, R., et al. (1997). The value of the world’s ecosystem services and natural capital. Nature, 386, 253-260. doi: 10.1038/387253a0.

[3] Daily, G.C. (Ed.). (1997). Nature's services: Societal dependence on natural ecosystems. Washington, D.C.: Island Press.

[4] de Groot, R., Fisher, B., Christie, M., Aronson, J., Braat, L., Haines-Young, R., & Ring, I. (2010). Integrating the ecological and economic dimensions in biodiversity and ecosystem service valuation. In P. Kumar (Ed.), The economics of ecosystems and biodiversity (TEEB): Ecological and economic foundations (pp. 9-40). London, Washington: Earthscan.

[5] Bukvareva, E.N., & Sviridova, T.V. (Eds.). (2020). Ecosystem services of Russia: Prototype of the national report. Vol. 2. Biodiversity and ecosystem services: Principles of accounting in the Russian Federation. Moscow: Center for Wildlife Conservation Publishing.

[6] Millennium ecosystem assessment. Ecosystems and human well-being: Synthesis report. (2005). Washington, D.C.: Island Press.

[7] Razhapbaev, M.K. (2010). Methodological recommendations for assessing the value of forest lands in the Kyrgyz Republic. Bishkek.

[8] Sabyrbekov, R. (2017). Express assessment of ecosystem services of the Chon-Kemin State Natural Park. Bishkek.