КОЙЛОРДУ КОТУРГА КАРШЫ ЖУУНТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ЖУМУШЧУ ЭМУЛЬСИЯНЫ ТАЗАЛООНУН МЕТОДДОРУ

Кабыл алынган убакыт 27.07.2022
Түзөтүлгөн 18.10.2022
Жарыяланган 24.11.2022

Аннотация

Мал чарбачылыгын өнүктүрүү, айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнүн продуктуулугун жогорулатуу жана мал чарба продукциясынын экологиялык тазалыгын камсыз кылуу Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Жаратылыш-климаттык шарттар, табигый жайыттар (9,2 миллион гектар айыл чарба жери) жана кыргыз элинин кылымдардан берки салттары бул маселени чечуу учун алгылыктуу шарттарды тузет. Акыркы жылдарда малдын бардык турлерунун санынын орточо 4...5 процентке туруктуу есуш тенденциясы байкалды. Акарициддик активдүүлүк жана жумушчу эмульсиянын физикалык-механикалык касиеттеринин көрсөткүчтөрү койлорду жуунтуу процессинде анын механикалык аралашмалар менен булганышына жараша өзгөрүп турат. Булгануу даражасынын жогорулашы менен эмульсиянын акарициддик активдүүлүгү төмөндөйт, ошого жараша койлорду котурга каршы дарылоонун сапаты төмөндөйт. Авторлор койлорду жуунтуу процессинде жумушчу эмульсияны механикалык аралашмалардан тазалоочу приборлорду иштеп чыгышкан, аларды колдонуу мончо суюктугунун сапатын жакшыртат жана анын кызматын узартат

Негизги сөздөр

жуунуучу койлор аппараттар жумушчу эмульсия акарициддик зат механикалык аралашмалар
Цитаталоо
Sariev, A., & Temirbekov, J. (2022). METHODS FOR CLEANING WORKING EMULSION IN THE PROCESS OF BATHING SHEEP AGAINST SCABIES . Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 20(4), 265-272.

Колдонулган булактар

[1] Development of agriculture and processing. (n.d.). Retrieved from http://gateway.kg/content/stategy/cds/261.

[2] National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (2020). Livestock and poultry population by category of farms and regions. Retrieved from http://stat.kg/.

[3] Osmonov, Y.Dzh. (2022). Environmentally safe technology for treating sheep against psoroptosis. Bulletin of KNAU, 4(63).

[4] Osmonov, Y.Dzh., Chortonbaev, T.Zh., Toktonaliev, B.S., & Temirbaeva, N.Y. (2018). Developments: Priorities, forecasting, technologies, patents, labor conditions, and environmental safety in agricultural production. Bishkek: Kut-Ber.

[5] Belonosov, V.M., & Talanov, G.A. (1970). Reduction of gamma-isomer hexachlorane concentration in creolin-hexachlorane emulsions during sheep bathing for the treatment and prevention of sheep scabies. Proceedings of VNIIVS, 175-178.

[6] Strinadkin, P.S. (1978). Sarcoptodoses and control measures. Veterinary Medicine, 10, 64-66.

[7] Osmonov, Y.Dzh., Kasymbekov, R.A., et al. (2012). Device for removing liquid from sheep wool (Patent of the Kyrgyz Republic No. 1449, IPC A61D 11/00). Bulletin, 5, 4-4.