ЖАЙЫТТАРГА ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН БЕДЕНИН СОРТУН АЙДОО

Кабыл алынган убакыт 01.11.2021
Түзөтүлгөн 26.01.2022
Жарыяланган 28.02.2022

Аннотация

Азыркы убакта мал чарбачылыгынын жана тоют базасынын муктаждыгы беденин сортторуна болгон талаптарды жогорулатты. Республикадагы беденин сорттору чөп чабыкка ылайыктуу. Аларды жайыттарда пайдалануудан бир нече жылдан кийин, беде жок болуп кетет; бедени башка чөптөр менен чөп аралашмасында өстүрсө, 2-3 жылдан кийин, кылкан чөптөр гана калат, б.а. беденин чөп аралашмасындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү өтө төмөн. Республикада жайытта колдонууга сунуш кылынган чет элдик беде сорттору атаандаштыкка туруштук бере албагандыктан 2-3 жылдын ичинде жайыттагы чөп аралашмасынын курамынан жоголуп калат. Учурда жайыттарды интенсивдүү пайдалануу, алардын түшүмдүүлүгүнүн кескин төмөндөшүнө, маданий чөптөрдөн жоголушуна, отоо чөптөрдүн жана тоютка жарамсыз өсүмдүктөрдүн көбөйүүсүнө, аырында, жайыттардын бузулушуна алып келет. Демек, маданий жана табигый жайыттарды түзүү үчүн түшүмү жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу сортторду өстүрүү республиканын тоют даярдоо чарбасында кечиктирилгис милдети болуп саналат

Негизги сөздөр

беде селекция жайыт суукка чыдамдуулук оруп-жыюу
Цитаталоо
Tentieva, B., Kalchaeva, A., Barktabasov, A., & Ashyrbaeva, K. (2022). CREATION OF ALUCERN VARIETY FOR PASTURE USE. Bulletin of the Kyrgyz National Agrarian University, 20(1), 31-37.

Колдонулган булактар

[1] Wikipedia. (n.d.). Retrieved from https://www.wikipedia.org/.

[2] Methodological guidelines for the breeding of perennial grasses. (1985). Moscow: VIR.

[3] Dospekhov, Yu.B. (1985). Methodology of field experiments. Moscow: Agrokhimzdat.

[4] Methodological guidelines for studying the collection of perennial forage plants. (1985). Leningrad.

[5] Antonov, A.S. (2005). Productivity of alfalfa and alfalfa-grass stands with long-term two- to three-time use in the conditions of the Central Black Earth Zone of the Russian Federation. (PhD dissertation abstract in Agricultural Sciences, Moscow, Russian Federation).